Бишкекте автоунаа өрттөнүп кетип, 35 жаштагы киши жабыркады
Бишкекте автоунаа өрттөнүп кетип, 35 жаштагы киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 4-мартта катталган.
Тилсиз жоо тууралуу маалымат түшөрү замат жерине бир бөлүм тартылган. Жалын саат 18:20да толугу менен өчүрүлгөн.
«Кырсыктан 1990-жылы туулган Ж.Г. аттуу киши жеңил күйүк алып, тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы», – деп айтылат билдирүүдө.
