Кыргызстанда диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды 
22 июнь

Кыргызстанда диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды 

Кыргызстанда диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 17-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун ишмерлерин нейтралдаштыруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле уюлдук телефондор табылып, алар далил катары протоколдук тартипте алынды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири Д.М.Ш. кармалды.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын жарандарга эскертет.