Ош: спорт аянтчалар жаңыланып, жаштар үчүн шарттар кеңейет
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 1-апрелде шаар аймагындагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин жеринен кыдырып, алардын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Калаа башчысы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу футбол аянтчасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыгып, буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерди.
Белгилей кетсек, мэр аталган аянтчанын абалын мурда көрүп, аны кыска мөөнөттө жаңылоо боюнча тапшырма берген.
Ошондой эле шаардагы мектептерде жана аймактарда курулуп жаткан жаңы футбол аянтчалары да көзөмөлгө алынып, алардын сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, жаштардын пайдалануусуна эртерээк берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Бул иштер шаар жаштары үчүн сергек жашоо образын калыптандырууга, спортко болгон кызыгууну арттырууга жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.
