Жалал-Абад ОИИБ
10 март
Базар-Коргон РИИБине жаңы жетекчи дайындалды
ИИМдин буйругуна ылайык, Кубанычбек Тукеев Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жаңы жетекчини өздүк курамга тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Тукеев буга чейин Нарын облусунун Нарын РИИБдин башчысы кызматында кызмат өтөгөн.
