Байсалов БУУнун кийинки башкы катчысы аял болушу керек деген пикирде
КР миинстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда Байсалов Кыргызстан аялдардын укуктарын кеңейтүү, гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап берген.
"Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн принциптерине өзү үлгү болушу керек экенин белгиледим. Дээрлик 80 жылдык тарыхында бул уюмду аял киши жетектеген эмес. Ошондуктан менин ишенимимде, Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки башкы катчысы аял болушу керек.
Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү бардык аялдар жана кыздар үчүн коопсуздук, адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр камсыз болгон келечек үчүн эл аралык коомчулук менен бирге иштөөгө даяр", – деди ал.
