Бишкектин Свердлов райондук сотунда биринчи жолу соттук отурумдар онлайн көрсөтүлдү
Жогорку сот
10 март

Бишкектин Свердлов райондук сотунда биринчи жолу соттук отурумдар онлайн көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда биринчи жолу соттук отурумдардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыш иши боюнча онлайн трансляциялары өткөрүлдү.

Жогорку соттон кабарлашкандай, онлайн трансляция «Жогорку сот» ютуб каналында жүргүзүлдү. Соттук отурумга Жогорку соттун Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров катышты.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык процессуалдык кодексине «видеоконференцбайланыш» жана «соттук отурумдун онлайн-трансляциясы» түшүнүктөрүн бекиткен өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам тарабынан айыпталуучунун жана кылмыш процессинин башка катышуучуларынын отурумдардын протоколдору менен, анын ичинде аудио- жана видеожазуулар менен таанышууга, ошондой эле аларга карата сын-пикирлерин берүүгө укугу белгиленген.

Киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту сактоо жана сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот жыйынын түз эфирде телекөрсөтүү, радио же интернет тармагында трансляциялоого уруксат берүүгө укуктуу.

ЖПКнын 46-беренесине 18-пункт кошулуп, анда сот өндүрүшүнүн катышуучуларына сот отурумун түз эфирде телекөрсөтүү, радио жана (же) интернет тармагында онлайн-трансляциялоо аркылуу өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирүүгө укук берилген. Ошондой эле 280-берененин 3-бөлүгү 5-пункт менен толукталып, сот отурумдарын жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет тармагында онлайн форматта көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк каралган.