Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 10-мартта аба ырайы кескин өзгөрөт
10-11-март күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп,
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°,
- Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°,
- республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°,
- тоолуу райондорунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°,
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°,
- бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
