Жетим балдардын көйгөйү. Игорь Беляев президентке кайрылды: Мага бекер үй эмес, жеңилдетилген ипотека керек
3 февраль

Жетим балдардын көйгөйү. Игорь Беляев президентке кайрылды: Мага бекер үй эмес, жеңилдетилген ипотека керек

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу, учурда “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун негиздөөчүсү Игорь Беляев КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 
Анда Беляев балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү биринчи кезекте кабылган көйгөй – үй маселесине басым жасаган. 
Игорь Беляев белгилегендей, ал ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана жетим балдар үчүн Краснореченск мектеп-интернатын 2010-жылы аяктаган. Учурда Бишкек шаарындагы Биринчи май районунда турак жай алууга кезекте турат. Бирок качан берилери белгисиз. 
Ошол эле учурда ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Арзан турак жай” программасынын негизинде жылдык 8 пайыз менен батир алуу максатында кезекке жазылган. Кезек номери – 14 398. 
“Бул жакынкы жылдарда турак жай алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирет”, - деп жазган кайрылуусунда. 
Балдар үйүнүн тарбиялануучусу кырдаалдын татаалдыгына көзү жетип, турак жай маселесин өз алдынча чечүүнү колго алган жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан жылдык 4 пайыз менен социалдык ипотека алууну көздөп, документтерди тапшырган. Бирок мында да ал бир катар тоскоолдукка туш келген. 
“Туруктуу жашаган жер боюнча каттоом жок болгондуктан документтерди толук кандуу топтой албадым. Убактылуу каттоого тургуза турган жакын туугандарым же тааныштарым жок. 
Өзүнчө белгилей кетчү жагдай, 17 жашымда, балдар үйүнөн чыгаар алдында, мага турак жайга жеткиликтүүлүк боюнча мыйзамдуу укугумду тааныштырышкан. Андан кийин зарыл маалыматтар болбогондуктан, ал мүмкүнчүлүктү кармап кала албадым, бул менин күнөөм эмес. Бир нече жылдан кийин гана мамлекеттик программалар менен өз алдымча тааныштым жана турак жай шартымды жакшыртуу үчүн реалдуу кадамдарды жасап баштадым”, - дейт Беляев. 
Айтымында, көп жылдан бери ижарага алынган батирлерде жашап келет жана президентке кайрылуудагы максаты – акысыз турак жай эмес, МИК аркылуу жеңилдетилген шартта ипотека алуу. 
 
Ошондой эле Беляев коомго пайдалуу болууга аракеттенип, кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзөөрүн, балдар үйүнө, жашоонун оор кырдаалына туш келген балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам берип келатканын белгилеген.