Бишкекте 20 чакырымдан ашык жаңы кабелдик линиялар тартылат
Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери уланууда. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында электр энергиясына болгон тарифтик саясат тармактын туруктуулугун камсыздоо жана инфраструктураны жаңылоо максатында ишке ашырылууда.
Электр тармактарындагы кабелдик линиялардын бир бөлүгү 1970-жылдары курулгандыктан, алардын техникалык абалы жаңылоону талап кылат. Мурда колдонулган кабелдердин эксплуатациялык мөөнөтү орточо 25 жыл болсо, учурда колдонулуп жаткан заманбап кабелдердин кызмат өтөө мөөнөтү 25–40 жылды түзөт.
Буга байланыштуу электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында кабелдик тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Буга ылайык, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан борбор калаада масштабдуу реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
2026-жылы 10 кВ чыңалуусундагы 20 чакырымдан ашык кабелдик линияларды куруу жана реконструкциялоо пландалууда.
Иштер төмөнкү участоктордо жүргүзүлөт:
Токтогул көчөсү / Эркиндик бульвары
ПС Пишпек
Ак-Тилек жаңы конушу
ПС «Абдыкалыков» (7-8-10-кичи райондор)
Элебесов көчөсүнөн БЧК боюнда Үсөнбаев көчөсүнө чейин
Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 3 чакырым кабелдик линиялар тартылып бүттү.
Долбоордун алкагында траншеяларды казуу, кабелдерди тартуу, кабелдик муфталарды орнотуу, сыноо иштерин жүргүзүү жана пайдаланууга берүү иштери аткарылууда.
Реконструкция иштеринде XLPE изоляциясы бар 3×185 мм² жана 3×240 мм² кесилишиндеги заманбап кабелдер колдонулууда. Бул алардын ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү эксплуатациясын камсыз кылат.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү 80%дан 95%га чейин жогорулатты. Ошондой эле техникалык жоготуулар азайып, жаңы керектөөчүлөрдү туташтырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
