Мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды киет. Дизайн иштеп чыгылат
18 май

Мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды киет. Дизайн иштеп чыгылат

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди

Анын айтымына караганда, бул чечим, биринчиден, кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, экинчиден, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган.

"Анткени костюм жана галстук менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөлөрүндөгү кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар кездешет. Бирок бул мамлекеттик кызматкерлерге кондиционерди иштетүүгө тыюу салууну билдирбейт", – деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, ошондой эле бүгүн, 18-майда министрлер кабинетинин төрагасы Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди. Демек, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн.

Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.