Дүң баасы 75 сом. "Бишкек жашыл курулуш" жоогазындарга буйрутмаларды кабыл алууда
27 февраль

Дүң баасы 75 сом. "Бишкек жашыл курулуш" жоогазындарга буйрутмаларды кабыл алууда

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы 8-март, Эл аралык аялдар күнүнө карата жоогазындарга буйрутмаларды кабыл алууну баштаганын жарыялайт.

Мэриядан кабарлашкандай, майрамга даярдык көрүү максатында ишкана жаңы кесилген жоогазындарды төмөнкү баада сатат:

  • Дүң баасы: 100 же андан көп буйрутмалар үчүн бир даанасы 75 сом;
  • Чекене баасы: 100гө чейинки буйрутмалар үчүн бир даанасы 85 сом.

Жоогазындар бардык агротехникалык талаптарына ылайык өстүрүлөт жана белгиленген сапат стандарттарына жооп берет.

Буйрутмалар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17.
Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн +996 702 114 312 номерине чалыңыз.

"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы борбор калаанын тургундарын жана мекеме-уюмдарды майрамдык датага карата сапаттуу гүл алуу  үчүн буюртмаларды алдын ала берүүгө чакырат.