Ошто бир туугандар ортосундагы чыр өлүм менен аяктады. Шектүү кармалды
Кара-Сууда адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды, деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-февралында Жалал-Абад облусунун тургуну, 1981-жылы туулган Ж.А., бир тууган иниси Кара-Суу районунун тургуну, 1991-жылы туулган Ж.К. менен тойдон чыгып, өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.
Уруш учурунда Ж.К. мас абалында бычак колдонуп, натыйжада Ж.А. алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Ж.К. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери улантылууда
