Лицензия албаган таксисттерге канча айыппул салынаары айтылды
18 май

Лицензия албаган таксисттерге канча айыппул салынаары айтылды

Кыргызстанда такси кызматы менен алектенгендер 1-июлга чейин Ички иштер министрлигинен лицензия алышы керек. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Аким уулу билдирди. 

Айтымында, учурда ИИМдин бардык тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан айдоочуларга лицензия алуу үчүн кандай форматтагы документтерди топтоо керектиги түшүндүрүлүп жатат. 

Ал лицензияны айдоочу каалаган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө барып ала алаарын белгиледи. 

Ошондой эле, эгерде 1-июлга чейин лицензия албай, бирок такси кызматында иштөөсүн уланткандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, 7500 сом айыппул салынаарын кошумчалады.