
Президент дайынсыз болгон Жумгал районунун тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.
Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы.
Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.
Эске сала кетсек, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундарын издөө иши ӨКМ тарабынан 19-октябрдан бери уланууда.
ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн, 28-октябрда аймакка ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкерлер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар ушул жылдын 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 номерине 19-октябрь күнү кабарланган.
Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.
"ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат. Мындан сырткары, аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы ж.б. шарттар эске алынат", - деп кошумчалашты ӨКМден.