"Түндүк" тиркемесинде дагы бир жаңы кызмат ишке кирди
28 октябрь

"Түндүк" тиркемесинде дагы бир жаңы кызмат ишке кирди

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы кызматты ишке киргизди. 

Ведомствонун маалыматына караганда, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат.

Кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”

Баасы: 200 сом

Жарактуу мөөнөтү - 1 ай

Маалыматты кантип алса болот:

  • Tunduk тиркемесин жүктөңүз,
  • Жекелештирүүдөн (авторизациялоо) өтүңүз,
  • “Маалымкаттар” кызматын тандаңыз,
  • MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүңүз.

Кызмат бир нече баскылоодон кийин эле өзүңүздүн телефонуңузда жеткиликтүү болот.