Министр: Кыргызстанда адвокаттар 10 жылдан бери бири бирине арыз жазып, ызы-чуу болуп келе жатышат
26 февраль

Министр: Кыргызстанда адвокаттар 10 жылдан бери бири бирине арыз жазып, ызы-чуу болуп келе жатышат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков ага Кыргызстандын 200дөн ашуун адвокаты расмий кат, кайрылууларды жолдогонун жана алардын 99 пайызы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдиргенин айтты.

“Урматтуу министр, көңүл буруп койсоңуз, адвокаттар кеңешинин төрагасын дайындоо учурунда съездде  өтө көп мүчүлүштүктөр кеткенин, ага катышпаган же туура эмес чечим кабыл алгандар болгонун айтып жатышат. Сиздер Адвокатуранын бир-эки нормасын оңдоп-түзөйбүз деп бүтүндөй Юстиция министрлигине сөз тийгизип жатасыздар. Жетекчи канчалык деңгээлде мыйзамдуу шайланганын карап чыгыңыздар. Коллегиянын курамында 7 мүчө бар болсо, анын бешөөсү юридикалык жактан эмес, НПОлордон келгенин, ал эми 6 мүчөсү бир облустан экени айтылып жатат”, – деди депутат.

Юстиция министри Аяз Баетов адвокаттар он жылдан бери эле ич ара кырылышып келатканын жана министрлик ага кийгилишүүнү туура эмес көрөөрүн айтты.

“Юстиция министрлигинин адвокаттардын ишине киришүүсү туура эмес. Мурда адвокаттарга таандык бардык маселелер министрликке тиешелүү болчу. Азыр өздөрүнө өткөрүп бердик. 10 жылда биринчи съездди болуп, ага мен катышкам. Ошондон бери эле бири бирине арыз жазып, ызы-чуу болуп келатышат. Акырындык менен кырылышпай калышат деп ойлойм. Өздөрү шайлашты, эми иштешсин. Буга киришкенибиз болбой калат, мурдагы жетекчиликке да сын айтылган, азыркыга деле айтылып жатат. Өз алдынча институт болдубу, өз алдынча иштешсин”, – деди ал.