Кыргызстанда нотариалдык иштин эрежелери жаңыртылды
26 февраль

Кыргызстанда нотариалдык иштин эрежелери жаңыртылды

Кыргызстанда нотариалдык иштин эрежелери жаңыртылды, деп билдирет Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлиги нотариалдык ишмердүүлүктү жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү демилгелеп, даярдады, ал өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтому менен бекитилди.

Эми ар бир нотариалдык иш-аракет үчүн мамлекеттик алым нотариаттын бирдиктүү маалымат системасына (НБМС) интеграцияланган төлөм платформасы аркылуу нотариалдык иш-аракет жасалган жана юридикалык мааниге ээ документтер берилген күнү төлөнөт. Төлөмдүн статусу системада белгиленип, сакталат жана алымдын төлөнгөндүгүн ырастайт. Ошол эле учурда күбөлөндүрүү жазуунун тексти НБМС аркылуу гана түзүлүүгө тийиш экени бекитилди.

Айрым сезимтал макулдашууларды түзүүнүн тартиби да такталды. Нике, карын энелик, баланы асыроочу үй-бүлөгө өткөрүп берүү, өмүр бою багуу, туруктуу рента жөнүндө келишимдер, алименттик жана ата-энелик укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуулар тараптардын жеке катышуусунда гана жүзөгө ашырылат жана өкүлдөр аркылуу жасоого жол берилбейт.

Ошондой эле, ата-энелердин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же асыроочулардын жашы жете элек жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коштоосуз чыгарып кетүүгө берген макулдугу, ошондой эле жашы жете элек балдардын ата-энелеринин бирөөсү (камкорчу, асыроочу) менен бирге чет өлкөгө чыгышына жана/же туруктуу жашоого кетишине берилген макулдук эми белгилүү мөөнөткө гана таризделет.

Ошондой эле өзгөртүүлөр нотариалдык буйрукка да тиешелүү болду. Атап айтканда, өндүрүү төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлгөн учурлар үчүн талаптар өз-өзүнчө так көрсөтүлдү: нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделген талаптар; жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн бүтүмгө негизделген талаптар; вексел боюнча төлөбөй коюу, акцепт болбой коюу же акцепт датасы коюлбай калгандыгы үчүн нотариус тарабынан жасалган протестке негизделген талаптар; жашы жете элек балдарга алимент өндүрүү тууралуу талаптар (аталыкты/энеликти аныктоо же талашуу маселеси жок болуп, үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы болбогон учурда); милдеттүү төлөмдөр боюнча карызды өндүрүү тууралуу талаптар (салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо); ошондой эле кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөй калган эмгек акыны өндүрүү тууралуу талаптар.

Дагы бир өзгөртүү карызкорду кабардар кылуу тартибине тиешелүү. Нотариалдык буйруктун көчүрмөсү мурдагыдай эле ыкчам түрдө, чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш, бирок эми нотариус аны кабарлоого милдеттүү болгон почта кызматы аркылуу гана эмес, ошондой эле PDF форматында электрондук почта аркылуу, WhatsApp, Viber, Telegram мессенджерлери аркылуу же жеке билдирүү тартибинде жөнөтүүгө укуктуу.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин нотариат жана ага байланышкан чөйрөлөрдө да бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн «Электрондук нотариат» аркылуу аралыктан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо мүмкүнчүлүгү ишке киргизилген жана бул кызматтын географиясы кеңейтилген. Мындан тышкары, АИС «Электрондук апостиль» пилоттук режимде толук онлайн-цикл менен ишке киргизилген, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып айрым нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоо мүмкүнчүлүгү киргизилген, мурас иштерине байланыштуу жеке нотариустардын квалификациялык талаптарын жогорулатуу чаралары кабыл алынган жана Кыргызстан нотариаты эл аралык кесиптик чөйрөгө институционалдык жактан интеграциялануу багытында ишин уланткан.