Профсоюздун мүчөсү Василий Фокин Ысык-Көлдү сүзүп өттү
21 июль

Профсоюздун мүчөсү Василий Фокин Ысык-Көлдү сүзүп өттү

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын мүчөсү дене-тарбия жана саламат жашоо образын колдоо максатында Ысык-Көлдүн жээгинен жээгине чейин сүзүп өттү. Ал бул эрдикти кесиптик бирликтер кыймылына арнаганын билдирди.

Аталыштагы спорттук эрдик 12 саатка созулуп, сүзүүчү көлдү баштан аяк басып өтүүгө чоң эрк жана чыдамкайлык менен жетишти. Бул иш-чаранын максаты – ден соолукту чыңдоо жана эмгек жамааттары арасында сергек жашоо образын жайылтуу болду.

Сүзүп келип жатканда аны жеке өзү Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу тосуп алды.

«Бул чоң эрдик. Профсоюз мүчөсүнүн мындай аракетин жогору баалайбыз. Кесиптик бирликтер дайыма эле эмгек укуктарын гана коргобостон, ошондой эле сергек жашоону да колдойт», – деди төрага.