Сурабалдиева Токмоктун мурдагы мэри тууралуу: баласы камалгандан бери апасы көрө элек, эмне болуп жатканын билишпейт
26 февраль

Сурабалдиева Токмоктун мурдагы мэри тууралуу: баласы камалгандан бери апасы көрө элек, эмне болуп жатканын билишпейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Токмок шаарынын мурдагы мэри, коррупцияга шектелип камакка алынган Максат Нусувалиевдин маселесин көтөрдү. 

Айтымында, мурдагы мэрдин апасы депутатка кайрылган. 

“Акыркы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин аябай көп кайрылуулар келип жатат. Шайлоодогу коркутуулардан баштап, оокатын мыйзамсыз тарттырып жибергендерге чейин. Коркутуп-үркүтүү кайсы жактан болгонун түшүнүп жатасыздар да. Токмок шаарынын мурдагы мэрине 1 миллиард сом боюнча иш козголбоду беле, анын апасы айтып жатат, балабызды көрбөйбүз, жакын жолотушпайт, авдокатты да киргизишпейт, эмне болуп жатканын билбейбиз деп. “Миллиардды уурдагандар азыраак акча төлөп кутулуп кетишет экен, а биздей коргой турганы жоктор камалат тура” деп айтканда аябай жаман болдум. Эмне деп жооп беришти билбедим. Ушул боюнча кандай маалымат бар?” – деп сурады депутат. 

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ачык маалымат бере албай турганын айтты. 

“Саясий мүнөздөгү иштер кайра каралабы?” – деди Элвира Сурабалдиева. 

“Баары мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлүшү керек. Кайра кароого арыз же даттануу түщсө же көзөмөл иретинде аныкталса, кайра каралат. Бирок бардык материалдарды кайра карап чыгууга мыйзам жол бербейт”, – деди Конкубаева. 

Ошондой эле кайсы бир ишти кайра каратуу үчүн тараптар даттануу, арыздарын Башкы прокуратурага жазышы керектигин кошумчалады. 

Эске салсак, Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын дагы эки кызматкери жана ишкананын директору 2025-жылдын 24-июнунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.