Кылмыш-жаза кодексине рецидивист түшүнүгү кайра кирет: Зулушев буга каршы
Жогорку Кеңештин жыйынында Юстиция министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору каралып, анда мындан бир канча жыл мурда алып салынган рецидивист түшүнүгү кайра киргизилери маалым болду.
Депутат Курманкул Зулушев канча деген ой толгоо, талдоолордун негизинде 2016-жылы рецидивист алып салынганын, анткени бул Баш мыйзамга каршы келерин билдирип, аны кайра кайтаруу кайсы максатка ылайыкталганын түшүнбөгөнүн айтты.
“Баш мыйзам боюнча адам бир кылмышы үчүн бир гана жолу жазаланат. Рецидивист түшүнүгү болгондо, соттолуп жаткан адамдын ага чейин да жасаган кылмыштары кошулуп, жыйынтыгында жаза мөөнөтү көбөйөт”, – деди депутат.
ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айтымында, бул чара кылмыштарды алын алуу максатында киргизилүүдө.
“Рецидивист алып салынгандан бери, кылмышкерлер кылмыштуулукту өнөкөт кылып алышты. Айрыкча, уурулук, чөнтөк уурулук, булар көбүнчө сот жообунан айыппул төлөө менен кутулуп кетишет”, – деди ал.
Курманкул Зулушев кылмышкер да адам экенин белгиледи. Ошондой эле кайсы бир кылмыштын өнөкөткө айланышына укук коргоо кызматтарынын да “салымы” бардыгын кыйытты.
“Сиздерде былтыркыга салыштырмалуу деген отчеттуулук бар. Мисалы, былтыр мынча кылмыштын бети ачылган, а быйыл мынча болду деген. Ошол отчетко жетиш үчүн канча адамга уурулук, чөнтөк уурулук жана баңгизат боюнча кылмыш илинип кете берет. Сиз муну жакшы билесиз. Ошол отчеттуулукту жойгула, былтыр мынча эле, быйыл мынча дегендей бул өндүрүш эмес да. Кылмышты өнөкөт кылып алган адамдарды да Кудай жараткан. Рецидивист практикадан өткөн, жакшы таасир бербейт”, – деди депутат.
