Мавлянова: Тергөө изоляторундагы жарандарга тамак берилбейт, туугандары алып келген тамакты да толук киргизишпейт
26 февраль

Мавлянова: Тергөө изоляторундагы жарандарга тамак берилбейт, туугандары алып келген тамакты да толук киргизишпейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова тергөө изоляторунда кармалган жарандарга тамак берилбей турганын айтты. 

“Мага кайрылуулар болду, тергөө изоляторунда кармалган адам, сот болуп, сот чечими чыкпагандан кийин кылмышкер эмес да. Бирок тамак берилбейт экен. Сырттан туугандары 3 маал тамак ташышат, бирок ошол дагы толук жетпейт деп айтып жатышат”, – деди депутат. 

ЖАМК жетекчисинин орун басары Нурлан Сарчаев депутаттын айтканын калпка чыгарды. 

“Бизде атайын прокуратура бар, андан тышкары тергөө изоляторунун башчысы, анын орун басары иш алып барат. Тергөө изоляторунда кармалып турган жарандардын тамак-аштары нормага ылайык берилет. Бул атайын токтом менен бекитилген. 3 маал тамак берилет. А туугандары алып келгендерди да киргизип турабыз”, - деди ал.