Нарындагы Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат
Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн коопсуздук эрежелери текшерилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан "Медер Ютком" туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүштү.
Ошондой эле Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган.
Комиссия мүчөлөрү Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салып, толук көзөмөлгө алынарын чечишти.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү интернет булактарында муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео тараган.
