Нурия Кутнаева, санариптик өнүктүрүү министри: Никени каттоого арызды онлайн түрдө берсе болот
24 сентябрь

Нурия Кутнаева, санариптик өнүктүрүү министри: Никени каттоого арызды онлайн түрдө берсе болот

Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Биринчи радиодо билдирди.

Айтымында, министрлик Калкты тейлөө борборлорундагы кезекти азайтуу үчүн бардыгын санарип форматына өткөрүүгө аракеттенүүдө. 

“Жакында жарандар дагы бир нече инновациялык кадамдарга күбө болушат. Мисалы, биз жашаган жер боюнча катталуу арыздарын онлайн-форматка өткөрүп жатабыз. Биз баарын уюлдук тиркеме аркылуу ишке ашырууга умтулуудабыз. Анын үстүндө чоң команда иштеп жатат. Бул тейлөөнү 3-ноябрга чейин ишке киргизебиз деп ойлойм. Бул акысыз жана Калкты тейлөө борборлоруна баруунун кереги жок”, - деди министр. 

Ал белгилегендей, жакынкы убакта “Түндү” тиркемеси аркылуу жаран паспортту кайра алууга жана никени каттоого онлайн-форматта арыз таштаса болот. 

Мындан тышкары, Кутнаеванын айтымында, жарандар кызматты алгандан кийин калкты тейлөө борборлорунун жана паспорт столдорунун кызматкерлеринин ишин онлайн режиминде баалай алышат. Ал түшүндүргөндөй, баалоолорго жараша кызматкерлерге сыйлык төлөмдөрү чегерилет. Министрлик калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн бул тажрыйбаны киргизүүдө.