Базар-Коргондо милиция кызматкерине 100 миң сом пара берүүгө аракет кылган киши кармалды
Милиция кызматкерлери кызмат адамына пара берүү аракетин токтотушту. Текшерүүдө турган материал боюнча кылмыш жоопкерчилигинен кутулууну көздөгөн жаран С.И. тергөө бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш ишин козгоодон баш тартып берүүнү суранып, бир нече жолу сый акы катары параны кабыл алууну сунуштап, мыйзамсыз таасир этүүгө аракет жасагандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (пара берүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон РИИБдин Тергөө кызматынын кызматтык бөлмөсүндө 1973-жылы туулган жаран С.И. пара катары 100 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жаран шектүү катары суракка алынып, мыйзамда белгиленген тартипте убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын кызматкерлерине пара берүү боюнча бардык аракеттер мыйзам чегинде кескин токтотуларын, ал эми күнөөлүү адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын билдирет.
Ички иштер органдары коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп келет.
