Жол ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал
Бүгүн, 26-февралга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
