Бишкектеги бала бакчаларга жеткирилүүчү нан азыктарынын сапатын текшерилди
26 февраль

Бишкектеги бала бакчаларга жеткирилүүчү нан азыктарынын сапатын текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 25-февралда борбор калаадагы бала бакчаларга жеткирилүүчү нан азыктарынын сапатын текшерүү максатында «Бишкекнаабайкана» ишканасына барды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Текшерүүнүн  жүрүшүндө мэрдин орун басары ишкананын өндүрүш жайларын кыдырып, санитардык талаптардын сакталышын карап чыкты.

Ошондой эле азыктардын сапаты, белгиленген стандарттарга шайкештиги жана сактоо мөөнөттөрүнүн тууралыгы текшерилди. Өндүрүштүн бардык этаптарында технологиялык талаптардын так аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бала бакчаларга жөнөтүлө турган продукциянын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүштөгү санитардык-гигиеналык көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.