Такси кызматын лицензиялоо: кимдерге иштөөгө уруксат берилбей турганы айтылды
www
18 май

Такси кызматын лицензиялоо: кимдерге иштөөгө уруксат берилбей турганы айтылды

Такси кызматына лицензия алуу тартибинин киргизилиши – бул жүргүнчүлөрдүн да, айдоочулардын да коопсуздугу. Бул тууралуу  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Аким уулу “Биринчи радиого” билдирди. 

Айтымында, лицензия алуу жол кырсыктарынын санын азайтуу, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюу, айдоочулук тартипти чыңдоо максатында киргизилген. 

Ал белгилегендей, буга чейин такси кызматында эмгектенгендер патент алып, техникалык кароодон автоунааларын өткөрүп келишкен.

Мындан ары дагы ушул тартипте иштешет. 

Андан сырткары, лицензия алууда айдоочулар ИИМдин базасына катталышат, өздөрүнүн тиешелүү фирмалары менен түзүлгөн келишимдин негизинде маал-маалы менен окуудан өтүп турушат. 

Ал эми лицензиялоонун жүргүнчүлөр үчүн пайдасын Мирлан Аким уулу мындайча түшүндүрдү: 

“Жарандар лицензиясы бар транспорт каражатына түшсө, бир топ ишенимдүү болушат. Анткени мыйзамда 3 жылдык айдоочулук тажрыйба талап кылынат – бул жол эрежесин жакшы билүүгө, транспорт каражатын ишенимдүү башкарууга жетиштүү мезгил. Андан сырткары, автоунаа эртең менен техникалык кароодон, ал эми айдоочу медициналык кароодон өтөт. Ошондой эле мурда оор жана жеңил кылмыш менен соттолгон жарандарга такси кызматында иштөөгө лицензия берилбейт”, - деди ал.