Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө
22 январь

Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаеадин тапшырмасына ылайык Санкт-Петербург көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Азыркы тапта кызыл сызыкка чыгып кеткен жана жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон курулуштар менчик ээлери тарабынан алдырылды.

Учурда көчө боюндагы электр мамычалары жана газ түтүктөрү коопсуз аралыкты сактоо максатында ичкери жылдырылып жатат.

Жалпы жолдун узундугу 2040 метр, туурасы 26 метрге чейин кеңейтилет.

Санкт-Петербург көчөсү Мамыров көчөсүнө чейинки аралыктагы жолдун узундугу 880 м түзөт.