Балыкчыда 3,7 миң батирлүү ипотекалык үйлөр курулат
21 июль

Балыкчыда 3,7 миң батирлүү ипотекалык үйлөр курулат

Балыкчы шаарында 3700 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комплекс 12 кабаттуу көп кабаттуу үйлөрдөн турат жана миңдеген үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.

“Мунун баары – президент Садыр Жапаров баштаган саясаттын ачык көрүнүшү. Үй маселеси ар бир жаран үчүн биринчи кезектеги муктаждык. Президент дал ушул маселени мамлекеттин көңүл борборуна койду. Эл турмушунун сапатын жакшыртууга, жашоонун негиздерин бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер системалуу жүрүп жатат. Мындай чоң иштер сөз менен эмес, иш менен жасалат. Ар бир кирпич, ар бир бетондон – жоопкерчилик жана камкордук көрүнүп турат. Бул үйлөр элдин кереги үчүн салынууда. Анткени элге шарт түзмөйүн, өнүгүү болбойт. Туризм болобу, экономика болобу — баары адамдан башталат. Ал эми адамдын негизги кереги – өз үйү”, – деп баса белгиледи президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.