Түптө унаасы бузулуп, тоодо калган жарандар куткарылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалыма боюнча, Коргонду-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде 2 жаран унаасы бузулуп, тоодон түшө албай калган.
ӨКМден кабарлашкандай, окуя бүгүн, 22-январда болгон.
Тоодо калган жарандар 112 кызматына чалган, жерине төрт куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар эки жаранды Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып келишкен. Абалдары жакшы.
