Европанын кайсы аэропортторуна учса болот жана кайсынысынан качуу керек?
Кыргызстандын авиация тармагын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Өлкө бийлиги Европага түз каттамдарды ачуу боюнча иштерди баштады. Алгачкы багыт катары Германия каралышы мүмкүн.
Чектөөлөрдүн алынышы менен кыргызстандык авиакомпаниялар европалык коопсуздук талаптарын сактоо шартында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө каттай алышат. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн Европага сапарларды жеңилдетип, туризмди, бизнести жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча шарт түзөт.
Жаңы каттамдарды ачууга даярдыктын алкагында AirHelp компаниясы түзгөн 2026-жылдагы дүйнөлүк аэропорттордун рейтинги өзгөчө кызыгууну жаратууда. Изилдөө дүйнөнүн 76 өлкөсүндөгү 279 аэропортту камтыган. Баалоодо каттамдардын өз убагында аткарылышы, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты, инфраструктура жана ыңгайлуулук деңгээли эске алынган.
Европадагы эң мыкты аэропорт деп Норвегиядагы Бодё аэропорту табылып, ал дүйнөдөгү эң мыкты он аэропорттун катарына кирген. Ошондой эле Даниядагы Биллунд, Испаниядагы Бильбао, Норвегиядагы Берген жана Түркиядагы Стамбул аэропорттору жогорку орундарды ээлешкен.
Рейтингдин акыркы саптарында Португалиядагы Лиссабон, Грециядагы Родос жана Ираклион, Улуу Британиядагы Манчестер жана Франциядагы Ницца аэропорттору жайгашкан. Алар негизинен каттамдардын тез-тез кечигишинен улам төмөн баа алышкан.
Адистердин баамында, Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы аба каттамдарынын кеңейиши жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүп, республиканын Европа менен транспорттук байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
