Айлыктар көтөрүлдү, бирок тоолуу аймактардын коэффициенттери кыскартылууда, - депутат Ат-Башы ошол эле ордунда турганын эскертти
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков жакында дарыгерлердин, мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү менен тоолуу аймактардын коэффициенттери кыскартылып, бул элдин чөнтөгүнө зыянын тийгизип жатканын билдирди.
Айтымында, 1997-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан тоолуу аймактарда – Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда айлык акыларына кошумча төлөнчү төлөмдөр тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок жакында дарыгерлердин, мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин, мурдагы токтомду азыркы мыйзамга шайкеш келтирүү максатында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жаңы токтому чыккан. Ага ылайык, тоолуу аймактардын коэффициенттери кыскартылууда.
“Ат-Башы же Ак-Талаа 1997-жылдан бери Бишкекке жакын жылып кеткен жок же тоодон ылдыйлап кеткен жок. Бирок мурдагы 1,5 коэффициент азыр 1.30га, 1.30дар – 1.20га түшүп жатыптыр. Токтомду шайкеш келтирүү максатында элдин айлыгы кыскартылып баштаптыр. Президентибиз мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрүп жатат. Шайкеш келтирсе келтире беришсин, бирок элге зыяны тийбесин, бир жагын көтөрсө, бир жагын кыскартып жибербегиле”, – деди депутат.
