Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 16-апрелде суу өчүрүлөт. Карта
13 апрель

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 16-апрелде суу өчүрүлөт. Карта

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 16-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин суу өчүрүлөт, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Өчүрүлө турган аймактар:
Сарбан айылы, Жал айылы, Жогорку Орок айылы, Жогорку Орок  конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2   конушу,  Достук айылы, Ак-Ордо  конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү), Ак-Ордо  конушу (Сокулук району, Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Өргө  конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүгү), Селекция айылы, Сары-Өзөн   конушу, Плодовое айылы жана Калтар айылы.

Суу «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.