Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыктарды жасоого шектелген жаранды кармашты
22 январь

Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыктарды жасоого шектелген жаранды кармашты

2026-жылдын 15-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын ЖЧКнын биринин өкүлү, С.А. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, анда жаран А.А.га мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 9-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жүргөн жаран А.А ЖЧК өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, жалпы баасы 159 миң 270 АКШ долларын түзгөн автоунааларды Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча жеткирүү шылтоосу менен алдоо жолу менен 4 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган.

Бирок, жеке пайдасын көздөп, аталган жаран макулдашылган маршрутту атайылап бузуп, «Дунгларова» чек ара посту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, 4 автоунааны өз каалоосу боюнча пайдаланып, алынган акча каражаттарын жеке муктаждыктарына жумшаган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран А.А. кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы катары тергөө мөөнөтүнө Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ал сатууга үлгүрбөй калган дагы 4 автоунаа шектүүнүн колунан табылып, алынган. Учурда аталган унаалар айып короосуна токтотулду. Ошондой эле анын башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталды.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсоңуз же маанилүү маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү байланыш номерлерине токтоосуз билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0 (703) 35-15-65, 0 (505) 919-149 жана милиция кызматынын кыска, күнү-түнү иштеген 102 номери.