Ошто өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери уланууда
4 март

Ошто өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери уланууда

Ош шаарынын ичинде өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүнТоктогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын жана Ош облустук төрөт үйүнүн кызматкерлерине өттү.

Анда сабактын катышуучуларына мекемелердеги өрт коопсуздугу, эвакуациялоонун тартиби жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу боюнча маалымат берилди.