Кыргызстанда Улуттук жасалма интеллект борбору түзүлөт
Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов түз эфирде Улуттук жасалма интеллект борборун түзүү пландары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, бул долбоор 2026-жылга карата санариптик стратегиянын негизги багыттарынын бири болот. Жасалма интеллект борбору жөн гана өзүнчө имарат эмес, лабораториялары, заманбап инфраструктурасы жана эл аралык технологиялык компаниялар үчүн атайын шарттары бар толук кандуу экосистема катары каралууда.
«Биз Google сыяктуу ири дүйнөлүк компаниялар жана башка технологиялык гиганттар Кыргызстанда өз филиалдарын ачышына кызыкдарбыз. Улуттук жасалма интеллект борбору — бул салыктык жеңилдиктери жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттары бар экосистема», — деди ал.
Долбоорду каржылоо мамлекеттик бюджеттен эмес, эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү пландалууда. Министрликте белгилешкендей, бул демилге санариптик технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө, түз инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык адистерди мекенге кайтарууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ведомстводо борбордун ишке кириши кадрлардын четке агылышын азайтууга жана өлкө ичинде күчтүү технологиялык чөйрөнү калыптандырууга түрткү болот деп күтүлүүдө.
Долбоордун биринчи этабы Бишкек шаарында ишке ашырылат. Беш жылдык стратегиянын жыйынтыгы боюнча инфраструктураны аймактарга кеңейтүү мүмкүнчүлүгү да каралат.
Мындан тышкары, эфир учурунда Токмок шаарындагы индустриалдык парк да айтылып, ал өлкөнүн инновациялык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңири программанын бир бөлүгү катары каралары белгиленди.
