Ысык-Көл облусунда заманбап тоют даярдоо боюнча семинар өткөрүлдү
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 19-июлда Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргызстан кооперативдер союзу жана Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин адистери менен биргеликте семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы заманбап тоют даярдоо ыкмаларына арналган.
Семинарга дыйкан-фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Катышуучуларга заманбап тоют даярдоо ыкмалары боюнча практикалык жана теориялык маалыматтар берилди. Мындан тышкары, семинардын алкагында балык өстүрүү, мал чарбачылыгы, кайра иштетүүчү кооперативдердин иши жана соода-логистикалык борборлор тууралуу да кеңири маалымат сунушталды.
Бул иш-чара айыл чарбасында кооперацияны өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.
