Бишкекте жарым жылдын ичинде 970 трансформатор оңдолду
Калкты туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплектүү иш-чараларды жүргүзөт. Бул иш-чараларга оңдоо, техникалык тейлөө, линияларды куруу жана реконструкциялоо иштери кирет.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 4 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 174 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 22,43 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 92 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле, төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 33 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 970 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 235 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 1228 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 562,4 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 6 ай ичинде:
• 12 200 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
• 56 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар менен алмаштырылды;
• 7,5 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
• 2,74 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар мене тартылды;
• 2 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
• 9 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
