Стратегиялык маанидеги Корумду – Балбай Баатыр жолун жаңылоо иштери 62% аткарылды
Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү.
Ошондой эле, 27,3 чакырым аралыгына жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды.
Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу дээрлик аяктоо алдында турат.
Ал эми негизги жолдогу 234 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду.
Мындан тышкары, жолдун четтериндеги тротуарларда, велосипед жолдорунда жана кошумча жолдордо суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери улантылып, план боюнча каралган 650 түтүктүн 221и даяр болду.
Учурда тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу иштери активдүү фазада турат.
