Жети-Өгүз курорту 2026-жылдагы туристтик сезонго толугу менен жаңыланат
21 июль

Жети-Өгүз курорту 2026-жылдагы туристтик сезонго толугу менен жаңыланат

Жети-Өгүз курортунда кеңири масштабдагы оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул иш-аракеттер президенттин туризмди өнүктүрүү саясатынын алкагында ишке ашырылууда. Курулуштун жүрүшү менен президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеринен таанышып чыкты.

Максат — курортту заманбап, экологиялык жактан таза жана эл аралык деңгээлдеги эс алуу жайына айлантуу. Иштердин жыйынтыгында инфраструктура жаңыланып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Курорт 2026-жылдагы туристтик сезонго чейин толук жаңыланат деп күтүлүүдө.