Сурабалдиева: КУЭТ каза болгон кызматкери үчүн компенсациялык төлөмдү анын ата-энесине эмес, ажырашкан күйөөсүнө берген
22 январь

Сурабалдиева: КУЭТ каза болгон кызматкери үчүн компенсациялык төлөмдү анын ата-энесине эмес, ажырашкан күйөөсүнө берген

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз улуттук электр тармактары” ААКсынын мурдагы маркум кызматкери Ирина Байбаевага байланышкан маселени көтөрдү. 

Эске салсак, Ирина Байбаева мындан 3 жылдан ашуун жыл мурда аталган ААКнын айдоочусунун этиятсыздыгынан келип чыккан жол кырсыгынан каза тапкан. Маркумдун ата-энеси ишкананы сотко берген жана соттон утуп алышкан. 

Депутаттын айтымында, ага Ирина Байбаеванын энеси, Жалал-Абад облусунда караштуу Кара-Көл шаарынын тургуну Татьяна Байбаева кат жүзүндө кайрылган. 

“Алар соттон утуп алышкан, бирок аягында бир түшүнбөстүк жаралган. жыйынында “Кыргыз улуттук электр тармактары” ААКсы компенсациялык төлөмдү алуучу катары Ирина Байбаеванын тирүү кезинде ажырашып кеткен күйөөсүн тандаптыр. Маркум убагында ипотекага батир алган экен, аны бүгүнкү күндө ата-энеси төлөп жатат, ажырашкан күйөөсү эмес. Алардын максаты батирди төлөп бүтүп, Иринанын баласына калтыруу. Компенсациялык төлөм бир нече миллион сом экен, бул аларга абдан чоң жардам бермек. Татьяна Байбаеваны ишканадагылар кабыл албай жатышыптыр”, – деди депутат. 

Ал энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдон  маркумдун энесин кабыл алууну жана компенсациялык төлөмдү туура тарапка бурууну суранды. 

“Адам каза болду, болгон иш болду, соттон утулдуңуздар. Негизи сотко жеткирбей эле чечишип алсаңыздар болмок, жеткенден кийин ата-энени жалдыратпай көңүл буруп коюңуздар. Канча миллион сом төлөнүп калган батиринен ажырап калышпасын”, – деди.