Сузак районунда прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды
22 январь

Сузак районунда прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды. Иш-чарага 22-январда башкы прокурор Максат Асаналиев катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокурор өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болоорун билдирди.

Cузак районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.