Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кыргызстанга келет
23-24-июлда Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Кыргызстанга келет.
Расмий сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана жолугушуулар мерчемделген.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.
