Монголиянын президенти “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.
