Министрлер кабинети
10 июнь
Бишкекте Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү
Бишкекте бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.
Акыркы сапарга узатууга анын туугандары жана жакындары, достору, кесиптештери, ички иштер органдарынын ардагерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук өкүлдөрү келишти.
Коштошуу зыйнатынын катышуучулары Мыктыбек Юсуповичтин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле анын көп жылдык ак ниет мамлекеттик кызматын белгилешти.
