Эмгек министри Улуу Британиядагы сезондук жумушка кыргызстандыктарды тандоонун жүрүшү менен таанышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Улуу Британиянын айыл чарба тармагында сезондук жумушка талапкерлерди тандоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Улуу Британия өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген “HOPS Labor Solutions Ltd” жана “Pro-Force” операторлору тарабынан уюштурулган.
Борбордун расмий migrant.kg сайты аркылуу онлайн каттоодон өткөн жарандар бир нече тандоо баскычынан өтүүдө.
Алардын арасында тестирлөө, маектешүү жана физикалык жөндөмүн текшерүү (skill test) сыяктуу этаптар бар. Бул процесстер талапкерлердин жумушчу катары квалификациясын жана даярдыгын текшерүүгө багытталган.
Министр иш-чаранын жүрүшү менен таанышып, талапкерлерди тандоо процессине жана бул процесстин уюштурулушуна байкоо салды.
Министр КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процедурасынын ачыктыгынын, коопсуздугунун жана натыйжалуулугунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле бул кызматташуу жарандарга жумуш орундарын гана камсыз кылбастан, эмгек миграциясы процессинде алардын укуктарын коргоого да жардам берерин белгиледи.
"Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн сапаттуу жана коопсуз шарттар менен камсыз кылуу канчалык маанилүү экенин көрүп турабыз. Биз эмгек миграциясынын шарттарын жакшыртуу, жарандарыбыздын укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди улантуудабыз. Бул жолдо бардык талапкерлерге ийгилик каалап, бул тандоо жумушка орношуу үчүн гана мүмкүнчүлүк эмес, ошондой эле карьералык өсүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү экенин баса белгилегим келет.",-деди министр.
Министр кызматташуу үчүн Улуу британиянын операторлорунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Тандоонун жыйынтыгы боюнча акыркы этаптан ийгиликтүү өткөн жарандар Улуу Британиянын Айыл чарба секторунда 6 айга чейинки мөөнөткө расмий жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат.
