Бишкекте жазуучу жана адабиятчы Омор Сооронов акыркы сапарга узатылды
Бишкекте бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы Омор Сооронов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Узатуу зыйнатына маданият министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, маркумдун жакындары, туугандары, замандаштары, кесиптештери, илим жана маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар, коомчулук катышты.
Коштошуу сөзүн сүйлөгөндөр Омор Соороновдун кыргыз адабиятына, адабият таануу илимине, улуттук маданиятка кошкон зор салымы эскерилип, анын инсандык бийик сапаттары, эмгекчилдиги жана илимий мурасы тууралуу жылуу сөздөр айтылды.
Өзгөчө анын көркөм сында, айрыкча адабият таануу илиминде көп эмгектенип, унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялаганы баса белгиленди.
Омор Сооронов өтөгөн эмгектери үчүн Эл агартуунун мыктысы наамына жана илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 2017-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
