Бекешев: Жол боюнда көчө тазалоочулар эмес, техника иштеши керек
22 январь

Бекешев: Жол боюнда көчө тазалоочулар эмес, техника иштеши керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларын көчөдөн алыс кармоону сунуштады. 

Депутат бул көчө тазалоочулардын коопсуздугуна тиешелүү экенин кошумчалады. 

“Көчө тазалоочулар жумушка таң эрте жерге жарык түшө электе чыгышат, жылдын бардык мезгилинде ушундай көрүнүш. Ошол эле убакта аларда жарык чыгарып турган белгилери бар атайын кийим жок”, – деди депутат. 

Бекешев жол четинде иштегендер ар кандай жол кырсыгына кабылышы мүмкүндүгүн, мындай учурда шаар бийлиги камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө менен чектелерин белгиледи. 

“Мындай кырсыктардын алдын алуу маанилүү. Балким, көчө тазалоочуларды жана “Тазалыктын” башка кызматкерлерин жолдун жээгине чыгарбай турган ыкмаларды караштыраарбыз. Жол боюнча техника иштесин. Ооба, бул кымбат, бирок көчө тазалоочулардын коопсуздугу андан да кымбат турат”, – деди Бекешев.