Ош мэриясы
10 июнь
“Көч жолу” экспедициясы: Оштон Алтайга 30 күндүк сапар башталды
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынан “Көч жолу” аттуу эл аралык автоэкспедиция Алтайга жөнөп кетти.
Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен сапарга 5 саякатчы жигит катышууда.
Алар Ош – Алматы – Талдыкоргон – Семей – Барнаул – Тоолуу Алтай – Монголия маршруту боюнча 30 күн жол жүрүшөт.
Сапардын негизги максаты – Улуу Көч жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин ортосундагы достукту чыңдоо жана ички туризмди жайылтуу.
Саякатчылар жол бою кооз жерлерди, тарыхый эстеликтерди кыдырып, жергиликтүү элдин турмушу, каада-салты менен таанышмакчы. Экспедициянын жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып турат.
