Бишкекте төрт автобус каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү
2 апрель

Бишкекте төрт автобус каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу, төрт автобус каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүдө айтылгандай, №36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.

Кыймыл чийме